Иш-чара кеч бүтүп, такси менен үйдү көздөй келаттым. Бир топ жүргөндөн кийин айдоочу жигит күзгүсүнөн карап:
- Эже, атырыңыздын аты кандай? – деди.
- Версачи, - дедим.
Жигит унчукпай калды. Ой күлүк эмеспи. Ушул жыт жагып, колуктусуна же сүйлөшкөн кызына алып берейин деп, атырдын атын сурады го деп ойлоп келатам.
Бир аздан кийин дагы үн катты:
- Ошол атырыңыздын түсү розовыйбы?
- Ооба, розовый.
Дагы унчукпай калды. Кетип баратабыз. Өзү атыр саткан неме окшойт же ушундай майдачылбы, атырдын жыты түсүнө чейин сураштырат го деп ичимден ой кылдым. Аңгыча үйгө жакындап калдык.
- Эже, ошол атырыңыз жаныңыздабы? – деди таксист.
- Ооба, жанымда.
Дарбазанын жанына келип токтодук. Түшмөкчү болуп жатсам
- Эже, мүмкүн болсо ошол атырыңыздан бет аарчыма бир аз сээп алсам болобу? – деди.
- Албетте, болот, - дедим да, атырды сумкамдан алып чыгып, капкагын ачып жигитке сундум. Ал бет аарчысына сээп-сээп алды да, рахматын айтып, кайра өзүмө сунду.
- Бул жыт сага жактыбы, ээ? – дедим.
- Эже, бул менин аялымдын жыты болчу. Ал да ушул розовый атырды себинчү. Көзү өткөнүнө алты ай болду, - деди муңайып. Дене-боюм дүр дей түштүм.
- Арты кайырлуу болсун, – дедим башка не дээримди билбей.
Дарбазанын эшинин ачарда артыма бурулуп карасам, тиги жигит башын жерге салып, бет аарчысын жүзүнө басып олтуруптур. Жүрөгүм зыркырап кетти. Үйгө кирип бутумду чечип, ашкананын терезесине өтүп сыртты дагы карадым, такси дале туруптур. Бир аздан кийин акырын жылып кетти.
2025-ж. 5-декабрь
Элмира Ажыканова
#атыр_элдик
Комментарии 1