Мен, Максат менен баш кошкондон кийин эле, улуу абысыным Сейде менен чыгыша албай кер, мур айтышып жүрдүм. Абысыным, обкомдун биринчи секратарынын кызы болчу. Бардар жердин кызы экенине чиренип, жанындагыларды көзүнө илчү эмес.
Кээде кайнагам Сабырды да тукуруп ага-ининин ортосуна да чок салып, болбогон бир күнүмдүк майда-барат иштерге эле теригип уруша кетип жүрүштү. Бирок Максат агасына теңелип кызыл чеке түшкөндөн качып, кадимкидей өзүн кармап турчу. Кайненем, акыры тажап кайнагам менен абысынымды,- "бөлүнүп жашагыла", - деди. Ушуну эле күтүп тургансып шаардан үй алып көчүп кетишти. Бир аз да болсо тынчый түштүк.
Кайнагам кесиби боюнча куруучу болгондуктан, шаардык трестте инженер болуп иштеп калды. Абысыным англис тилинен сабак берчү, көп өтпөй чоң мектепке завуч болуп дайындалды. Кудай берип калды деп, жаңы жигули минип чалкалап келишти. Жолдугун кылып кайненем, туугандарды чакырып жакшы жумушка орношкон уул-келининин жетишкендигине кубанып, той берди. Көп өтпөй биз жер алып, үй салабыз деп камынып калдык. Аны уккан кайнагам үйдүн проектин чийдирип, өзү үй сала тургандай, шымаланып, кирише баштады. ПМК дан керектүү материалдарды алып келип, үйдү жайы менен бүтүрүп, күзүндө кирип жашап калдык. Жаңы бүткөн үйдө өзүбүзчө жашайбыз дегенде кызыктын баары башталды... Кайнагам кадимкидей үстөмдүк кылып; - мага карызсыңар, айына беш жүз сомдон салып турасыңар, - деди. Экөөбүздүн айлыгыбызды кошкондо да беш жүз сом төлөй албайбыз, ошону билип туруп бизди кыйнай берди...
Апта сайын боло берген жаңжалдан кайненем кан басымы көтөрүлүп, көз жумду...
Кайненемдин ашы-суусун берип, өзүбүзчө калганда, бир туугандары отургузуп алып, кайнагам дагы карызын доолай баштады. А Максат болсо мектеп окуучусундай шылкыйып туруп берди. Максаттан кийинки иниси Самат Сахалинге армияга барып ошол жерде иштеп, үй-жайлуу болуп, жашап калган. Ал колунда бар акчасын кайнагам Сабырга карматып, - "эми доолабай туруңуз", - деди.
- Апам силердин ызы-чууңарга чыдай албай өлдү, эми ынтымакта жашасаңар болбойбу, - деп ыйлады кайнежем.
Аны колдоп - коштоп сүйлөгөн эч ким болгон жок. Анткени башка бир туугандары агасы Сабырга, жеңеси Сейилге каршы сүйлөй албайт эле.
Чай үстүндөгү тынчтыкты Самат бузду,
- Максат мени менен кетесиңби? Ошондо карыздан эртерээк кутуласың, океанга чыксаң жакшы маяна төлөйт - деди.
- Ойлонуп көрөйүн, эмне дейсиң Айдай? - деп мени карады.
- Балдар менен кантебиз Алима эмики жылы мектепти бүтөт анын окуусу үзгүлтүккө учурайбы, - дедим.
Сөзгө Сейил жеңем аралашып - Алиманы бизге калтырып кеткиле, мен иштеген мектепте окуй берет, - деди. Баары туура көрүп макул болушту. Курган жаным карыздан кутулам деп кызымдан, жолдошумдан айрылып калаарымды билсем, үйүңдү ал, дебейт белем...
Айткан сөзүнө туруп Самат Сахалинге жетип эле жолго деп акча салды. Алиманы шаарга, абысыным Сейил жана кайнагам Сабырга таштап, биз билет алып учуп кеттик. Самат бизди тосуп алып жубайы Надежда кызы Александра менен тааныштырды. Бизге деп даярдап койгон үйгө барып, жашап калдык.
Максат көп узабай жумушка орношту, бир-эки айлап океанда балык кармайт, мен эки баланы мектепке алып барып, алып келип жүрүп акыры үйрөттүм. Өзүм да үйдө отургандан тажап Надя иштеген бала бакчага ашпозчу болуп орноштум. Айлыгыбызды алып эле кайнагама которуп жатып, бир топ карызыбыздан кутулуп калдык. Жайкы каникул болгондо Самат Кыргызстанга барып Алиманы ала келди. Сегиз ай көрбөгөнгө кызымдын мүнөзү өзгөрүп, түнт болуп кеткенин байкадым. Алима менен жуурулушуп сүйлөшкөнүм менен, ичине каткан сырын сууруп чыга алган жокмун. Окуу башталып Алиманы Кыргызстанга кетчү тааныштар менен кайра жөнөттүк. Ичим уйгу-туйгу боюнча кала бердим. Жеңемдин үй телефонуна тез-тез чалып сүйлөшүп турдум, баары жакшы, Алима окуусун жалаң бешке окуп жатат, - деген жоопту угуп кубанып жүрдүм.
Жай айынын башында; - "Максат, Айдай тез келгиле, Алима катуу ооруп жатат" - деген телеграмма алдык. Самолётко билет алып жөнөп калдык. Ал кезде азыркыдай түз учкан самолёт жок, үч алмашып учуп келдик. Үйгө кирип келсек Сейил жеңем учурашпайт, кайнагам болсо түнөргөн, кайынсиңдим Мээрим да тайсалдайт.
Алима купкуу алсыз төшөктө жатат. Кыйкырып эле кызымды басып жыгылдым.
- Эмне болду, айтчы кызым, эмнең ооруп жатат, - деп жалбарып жаттым.
- "Апа акырын, кулагым тунуп кетти", - деди Алима.
Кайнагам төркү үйдөн - "Максат бери кел" - деп кыйкырды.
- Апа, атама айтыңыз барбасын, абам мен жөнүндө жаман сөздөрдү айтат, барбасын - деп жалдырады Алима.
- Сени эмнеге жамадайт кызым, сен эмне кылдың, - деп кызымды боорума бастым.
Алиманын денесин муздак тер басып туруптур. Аңгыча төркү үйдөн,
- "кызың шуркуя, тууп койду, арамы баланын мага кереги жок",- деген кыйкырыкты угуп денем дүркүрөп кетти.
Маңдайымда турган абысынымды карап,
- Ким шуркуя?
- Ким арам төрөп койду? - дедим.
Баягы чакчаңдаган Сейил жеңемдин үнү араң чыгып;
- Кагылайын Айдай мени кечирип кой, менден чекилик кетти, "биринчинин" баласы Алиманы зордуктап койгондо, арыз жазбай эле койгула, уулум Алимага үйлөнөт дегенине ишенип, арыз жазбай койгонбуз.
Эми минтип төрөгөндө, уулум силердин кызыңарга үйлөнбөйт , - деди. Мени кечир, деп озоңдоп ыйлай берди.
Ички үйдө кайнагам кыйкырып; - "эл караган бетимди жер караттыңар, алып кет кызыңды, алып кет", - деп кыйкырып жатты.
- Аке, жеңе болоору болуптур, бала кана? - дедим.
Ошондо кайнагам ички үйдөн чыгып;
- "баланы башыңа урасыңбы, кызың өзү бала", - деди. Ошондо жарылып кеттим;
- Аке, эмне кыйкырасыз, биз сизди үй салып бер дедикпи?
- Үйдү өзүңүз салып, бизди карызга батырып, доолай берип кетпедик беле Сахалинге?
Кымындай кызды карап турсаңар болбойт беле? Ушунча болду баланы да таштабайбыз, - дедим.
Ошондо кайынсиңдим чыдабай кетип, кайнагамды карап; - ушунун баарына сиз күнөөлүүсүз, эл-журт эмне дейт, кантип баш көтөрүп жүрөм,-деп үйдө төрөттүңүз. Баланы төрөт үйүнө алып барып бердиңиз, наристеде эмне күнөө, Алиманын жанында болсун десем болбой койдуңуз. Алима төрөт учурунда кыйналды, кан көп кетип калды.
Айдай жеңе, Максат аке,
Алиманы доктурга көрсөтүш керек, төрөтү оор болду, анын үстүнө Сабыр акем уруша берип тамырын кесип, араң алып калдык. Ошондо гана силерге телеграмма жибердим. Антпесе басты-басты кылып, Алиманын төрөгөнүн силер билбей калмаксыңар,-деди ыйлактап.
Максат карасаң, булар эмне дейт? Мыкаачы болуп кеткишкенби?
Эмне үчүн биз билбешибиз керек, -деп төркү үйгө чуркап кирсем, креслодо отурган Максаттын көзүнүн карегинин нуру өчүп, бир башкача тиктеп туруптур. Максат, - десем жооп жок.
-Тез жардам, тез жардам чакыргыла,-деп кыйкырдым. Жеңем чуркап келип, колтугунан таяды, мен бир жагынан жөлөп Максатты жерге жаткыздык, бир убакта көзү алаңдап коңурук тартып баштады.
Аңгыча өбөктөп жылып Алима;
- ата сизге эмне болду, ата көзүңүздү ачыңыз,-деди үнү апраң чыгып. Кызым тез жардам келе жатат, атаң жакшы болуп калат,-деп ордуна жаткыздым. Мээрим жамандыкты сезгендей Сабыр аке менен Сейил жеңени карап;
- силер куруп калгыла, ач көзсүңөр, жан-жакаңды жеп бүтмөй болдуңар,-деп кыйкырды. Менин оюума эч нерсе келбей;- Максат жолдон чарчады, уктап эс алсын, акырын сүйлөгүлө, мемиреп уктап кетти,-дедим.
Аңгыча тез жардам келип, врач Максатты тыңшап көрүп, башын чайкады.
- Эмне?- дедим түшүнбөй.
- Эмне болду,- дегенде Мээрим мени кучактап ыйлап жиберди.
- Жок андай болушу мүмкүн эмес, Максат чарчады, ал уктап жатат, - дедим. Аңгыча Сейил жеңем кыйкырып Алима, Алима, - деди. Баарыбыз Алима жаткан бөлмөгө чуркадык, врачтар бизди чыгарып салып, бир топ алышты, акыры ал бөлмөдөн да, баштары шылкыйып чыгышты. Жарым сааттын ичинде жүрөгүмдүн эки толтосунан ажырадым...
Үнүм кудайга жетип ыйладым...
Ошентип кызым менен жолдошумдан ажырап бир туруп эсим ооп, бир туруп өзүмө келип жаттым. Бир убакта ак ороого оролгон кызыл эт баланы алып келип, мына неберең, Алимадан калган белек, - деп карматышты. Белек, Белек, - деп көкүрөгүмө бекем кыстым... Ысык бир барча эт эсиме келтирип, муздап бара жаткан денемди жылытты...
Тоту Арзыкулова.
#белек_элдик


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 13
Эмнеге каза болуп калды?
,,Биринчинин баласы" деген ким?
Алима кызын деле таштабай алып кетишсе болмок...