Предыдущая публикация
ЭЛДИК ТАЙПА.

ЭЛДИК ТАЙПА.

3 дек

Бата.

Бата. - 5396144484010
Азыр тойлордо үйлөнгөн эки жашка: "Алдыңарды бала бассын, артыңарды мал бассын!" деп бата берип жүрүшөт. Кээ бирөөлөр: "Бул деген туура эмес, мал дегенди алдыга салып айдап жүрөт, андыктан мал алдыда болот, бала ата-энесин артынан ээрчип жүрөт, ошондуктан: "Алдыңарды мал бассын, артыңарды бала бассын!" деп айткан туура" деп талашка айлантып келе жатышат. Бул сөзгө чекит коюш үчүн, жогорудагы көздүн маанисин чечмелей кетүүнү туура көрдүк. Ата-эне үчүн бала деген-келечек, эртеңки күн, ата-эненин андан аркы өмүрүнүн уландысы, тукумун улай турган "жол" болуп эсептелет. Ал эми келечек деген, эртеңки келе турган күн, жакшылык дегендер эч качан артта болбойт, алдыда болот. Ушундан улам эки жашка бата бергенде "Алдыңарда бала бассын!" дейт. Бул бир. Мал деген-товар, дүнүйө-мүлк. Албетте, адамдын көзү өткөндө артында мал-мүлкү калат, жыйган дүйнөсү калат. Бирок ата-эненин андан аркы тукумун артында калган малы, байлыгы же жыйган дүйнөсү улабайт, алдындагы келечек урпактары улайт. Ошондуктан "Артыңарды мал бассын!" дейт. Ошондо жогорудагы эки сөз биригип: "Алдыңарды бала бассын, артыңарды мал бассын!" деп айтылганы туура болот. * * * "Өткөн өмүр жаңырбайт, калган кадыр табылбайт" деген макал бар. Өмүр өткөн соң кайра экинчи кайрылып келбей тургандыгы белгилүү. Ал эми кокусунан булганып калган кадыр-барк, адамдын абийири да ошол өтүп кайра келбей турган өмүр сыяктуу. Кадыр-баркыңды бир жоготуп алсаң экинчи мурдагыдай болбой каларыңды биле жүр. * * * "Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт" деген бар. * * * "Ат артымак арзан, журт артымак кымбат" деген бар. Атын кыялын табуу, билүү андай деле кыйын эмес, бирок элдин кандай экенин иликтеп билүү кыйын деген маанини билдирет. * * * "Чымчык уяга конот, чымын чылага конот" дейт. Жакшы ниет, ак ниет тынч тынчтыкты, бейпилдикти издесе, жаман ниет же кара ниет атайылап ыплас, булганч жерди издейт дегендик. * * * "Бөктөргү кушту учкан жейт, бөлүнгөн журтту душман жейт" деген макал бар. * * * "Байына шылтап кулу жейт, кулуна шылтап байы жейт" деген эл биз болдук. * * * "Бедери жок торкодон бек токугун бөз артык, медери жок туугандан бек кармашкан жат артык" деген да макал бар. Сырты жалтыраган, көрүнүшү көз талдырган кездемеден, бышык кездеме жакшы болсо, кайрымы жок туугандан сыйлаша калып жүргөн жат жакшы дегени. Авт. Шайлообек Дуйшеев . Поэзия сүйгөндөргө жагымдуу кечтер болсун🙏✍️📚 #бата_элдик

Комментарии 1

умар мм
умар мм
Туптуура ак сөз ийгилик агай жаныңыз эсен болсун
4 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЛентаТемы 3 060Фото 2 938Видео 5Участники 4 951
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 3 060
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться