Предыдущая публикация
ЭЛДИК ТАЙПА.

ЭЛДИК ТАЙПА.

2 дек

ЖАРАКА

(аңгеме)

ЖАРАКА - 5396114920362
Экөөбүз курган үйдүн алдында турам. Үйгө киргим келбейт. Кирсем эле үйдүн ар бир бурчу силерди эстетет. Көзүмдү жумсам, ушул үйдө чуркап, каткырып кубалашкан кызым менен уулумдун үндөрү угулат. Сен адатыңча этегиңди тагып, жоолугуңду кыйшайтып, ашканада тамак жасап жаткан болосуң. Мен иштен келип киргенде, балдарым чуркап чыгып, колумдагы таттууларды алып, а сен ашканадан баш багып жылмайып, кээде таарынып караганың көз алдыма келет. Ушул үйүбүз толук бүтө электе эле шашып көчүп келип албадык беле. Кум шыбак кара дубал үйүбүз көзүбүзгө хан сарайдай көрүнүп, кобурашып өз тиричилигибизди баштаганбыз. Эми мынтип заңгыраган үй турат, мен турам. Силер гана жоксуңар. Эх-х, колдогу алтынымдын баркын билбептирмин... * * * Ошол күнү адаттагыдай иштен чыгып, ата-энемдин үйүнө келдим. Апам бакчада чөп жулуп жатыптыр. Мени көрөрү менен: - Кел, балам, ишиң бүттүбү?, -деп колундагы жулунган чөптөрдү жөөктүн ылдыйына ыргытты да, мени көздөй басты. - Келдим, апа. Күндө чалып, жанды койбой жатсаңыздар, келем да... - Жүр, үйгө кир, сөз бар. Апам кабагын түйүп, үйгө кирип кетти. Чайга отурганда сөз башталды. - Мен шордууга жакшы келин буюрбаптыр. Ай, чырактай уулдарымдын пешенесине эшек тээптир, - деди ал кыпкызыл демделген чайды бир ууртап. Мен үнсүз гана алдымдагы чайды ичип, апамды угуп отурдум. - Элдин келиндерин көрсөң, көзүң күйөт. Үйүнө барсаң, агы ак, көгү көк бойдон. Жаман эрлерин ээрчитип жүрүп, элге кошуп чекчейип тиричиликти кылып жүрүшөт. Менин келиндерим эле же балдарын эптей албайт, же кабагы ачылбайт, же кызмат кылып жарытпайт. Ушулар эле тууп, бала чоңойтуп жаткансып жүдөшөт, -деп кагынып-силкинип баштаганда, сөздүн төркүнүн түшүнө баштадым: “Ажыраш” дейт да дагы... - Турмушун эптей албаса, түйүнчөгүн көтөрүп жоголсун! Андай келиндин барынан жогу! Ар кимдин эшигин каккылап, дубана болуп калсам дагы сага жапжаш, супсулуу, момундай (бармагын көрсөтүп) кыз алып берем, -деп кумсаңдады. Эмне дейм? Бары бир укпайт апам, өзүнүкүн бербейт. - Апа, мен барайын үйгө, балдарды бакчадан алышым керек. Бата кылып сыртка чыгып, бут кийимимди кийип жатсам, апам артыман чыкты. - Кече жолдо кайненеңди көрдүм. Учурашпай, тетири карап өтүп кетти. "Келинге дарт төркүндөн тиет" -деп бекеринен айтылган эмес да!. Мен ага эмне кылдым? Кызын өлтүрүп койдумбу же?! Мен жаман болсом, мен төрөгөн бала жаман болсо, эмне жашатып жүрөт кызын, алып кетпейби!.. Сөздүн төркүнүн түшүндүм. Эки кудагыйдын ортосунан дагы кара мышык өткөн тура. Унчукпадым, сөздү көбөйткүм келбеди. - Макул, апа, жакшы отуруңуздар, - деп жолго чыгып кеттим. Ата-энеме каршы сөз айтуу оюма дагы келбейт. Жаман дегенге да оозум барбайт. Өздөрү ичпей ичирип, өздөрү кийбей кийинтип чоңойтушту. Мен үйлөнгөндө ак жоолугун башына салып, алтын сөйкөсүн кулагына тагып, келинчегимди маңдайы жарылып сүйүнүп тосуп алган. Бирок, эчкачан өзүндөй көрүп, үйүнө батыра алган жок. Айдай бир баш көтөрбөй, бир сөз сүйлөбөй беш жыл ушул үйдүн оту менен кирип, күлү менен чыкты. Кантейин, бир жакта мени төрөп өстүргөн ата-энем, бир жакта Кудай кошкон жубайым. Эки оттун ортосунда калдым. Балдарды бакчадан алып, үйгө келсем, үй жабык экен. Дароо чалдым. - Айдай, каяктасың? ‐ Апамдын үйүнө келдим эле, азыр барып калам. ‐ Эмнеге мага эскертип койбойсуң? Өзүң билип калгансыңбы?!, -деп сүйлөнө баштаганымда телефонду өчүрүп койду. Апамдын сөздөрүнөн кийин ачуум келип турган. Айдайдын апасынын үйүнө мага бир ооз айтпай кетип калганы өрткө май куйгандай болду. Ошол күнү экөөбүз катуу уруштук. Мен ачуумду баса албай, кол көтөрүп да жибердим... * * * Ошентип, күндөр өтүп жатты. Күндөн-күнгө ишим дагы начарлай түштү. Же үйдөн жок, же иштен жок чүнчүп кеттим. Турмуш сүйлөгөндө, пенде унчукпай калат тура. Көрсө, Кудайдын берген оор сыноосунун башталышында турган экем. Балдар чоңойгон сайын муктаждыктар дагы өсөт экен. Күндөн-күнгө жашообуз татаалдаша берди. Бирим эки болбой, бир айлыгым бир айга жетпей, карызга бата баштаганда Москвага кетүүгө туура келди. Барар замат ишке кирдим. Жумушка баш-отум менен киришип, кээде үй-бүлөмө чалганга чолом тийбей иштеп жаттым. Аялым кээде түшүнсө, кээде таарынат. Жумуштан чыгып чарчап үйгө келген маалда, балдарым уктап калган убак болот. Телефонду кармап, балдарым WhatsAppтан сүйлөп жиберген сөздөрүн угуп жатып уктап калам. "Ата, апама акча салчы, бассейн алабыз" деген уулумдун, "Ата, мага принцесса көйнөк алып берчи" дегендерин уккан сайын жүрөгүм сыздап, сагынычым күчөйт. Алардын видео, сүрөттөрүн көрүп уктап кетем... Эртеси кайра жумуш. Бош убактымда көбүрөөк үй-бүлөм менен сүйлөшөм. Бир күнү иште түшкү тыныгууда отурсам, кайненемден кат келди: "Сага ишенип тапшырсам, кызымды кор кылдың. Кызымды, неберелеримди алып кеттим. Кызым жакпаса, башка өзүңөр каалаган келинди киргизип алгыла". Каттын аягына чыккыча жүрөгүм кабынан чыга дүкүлдөп, эмне кылаарымды билбей туруп калдым. Дароо Айдайга чалдым, жооп бербеди. Ошондон кийин канча чалсам дагы колу телефонго жетпей калды. Көрсө ошол күнү апам үйгө келип, уруш чыгарып, Айдайга " үйдү бошотуп кой, балама башка аял алып берем" деп айтып кетиптир... Күчүмдү иштен чыгара баштадым. Мурун бир иште иштесем, эми экинчисин кошуп алдым. Бошой калсам ой басат. Акча тапканыма алаксып, күндөрүм өтүп жатты. Буулукканда досторум менен ичимдик ичип, көңүл ачып, жасалма жол менен өзүмдү бактылуу сездирип жаттым. Бирок, баары бир ичимдеги сагыныч, балдарыма болгон кусалык коё бербеди. Күндүз тыным жок, түндө уйкум жок, жүдөп да кеттим. Акыры үч жыл дегенде Кыргызстанга келдим. Күткөнүмдөй эле кайненем кабыл алган жок. Менин келгенимди Айдай терезеден карап туруп, кайра парданы тартып койду. Балдарыма деп алып келген белектерди да албай, кайненем дарбазадан чыгарып жиберди. Кийинки барганымда да дарбазасын ачпай койду... Балдарымды издей баштадым. Күнүгө балдарым окуган мектепти акмалайм. Акыры уулумдун классына тыныгуу маалында кирип бардым. Колумда балама деген белегим бар. Кирип барсам балдардын баары мени таңыркап карап калышты.Арткы партада менин көкүрөк күчүгүм, уулумду дароо тааныдым. Бою узарып, чачын кайрып сулуу жигит болуп калыптыр. Сагынганымдан ичим-уйгу туйгу, денеми майда калтырак басты. - Балам, Атай кандайсың?, -деп жанына басып бардым. Балам мени көздөй "ата" деп чуркамак турсун, өзү отурган партанын астына кире качты да: "Мени апам урушат. Атаңа барба деген" - деп ыйлап, кыйкырып, эки тизесин кучактап, бетин бекитип отуруп алды. Баламын бул абалын көрүп, же жанына басып барып кучактай албай, же чыгып кете албай өзүмдү коёрго жер таппай калдым. Өз балама өзүм жат болуп калганыма ичим туз куйгандай ачышты. * * * Көчөдөн мектепти көрсөм эле, балдарым чыгып калчудай болуп жүрөгүм шуу дей түшөт. Бир кезде колдон түшүрбөй көкөлөткөн көкүрөк күчүктөрүм эми мени көргөндөн коркуп качып жатат. Ата үчүн мындан өткөн азап барбы?.. Биз чоңдор өзүбүз көтөрө албаган таштай оор сөздөрдү, таарынычты балдарыбыздын көпөлөктөй болгон жүрөгүнө көтөртүп коёт экенбиз го, Эх-х... * * * Бир күнү адаттагыдай алыстан карап турсам, кызым мени байкап калды. Көздөрүбүз бетме-бет кадала түштү. Жылмайыңкы балбылдаган баёо каректеринин түпкүрүндө таарыныч менен сагынычтын учкуну байкалып турду. Ошол көз ирмемде убакыт жүрөктүн жаракасын жамап, жаратын таңып, көңүлдүн жарасын айыктыра аларына ынандым. Кызымын карегиндеги жылт эткен жылуулук мендеги өчүп бара жаткан үмүттүн учкундарын жандырып, ичимде жаңы бир дем пайда болгондой болду. Айжана Убайдиллаева “Матисаков мектеби” Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика институтунун алдындагы “Матисаков мектебинин” мүчөсү #жарака_элдик

Комментарии 3

Кулпат Орозакулова
Кулпат Орозакулова
Анан эмне болду,аягына эмнеге чыкпайсынар Матисаков мектеби,же силердин дефизинер ушундайбы?
2 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элера Элегия
    Элера Элегия
    Матисаков ой рахмат мындай баш аягы жок чыгармаларды жазбай эле койгулачы
    3 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Элера Элегия
    Элера Элегия
    ответила Кулпату
    Биздин ДЕВИЗ чыгармананы жарымына келип аягына чыкмай жок окшойтда булар😂😂
    3 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЛентаТемы 3 060Фото 2 938Видео 5Участники 4 951
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 3 060
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться