Предыдущая публикация
ЭЛДИК ТАЙПА.

ЭЛДИК ТАЙПА.

29 ноя

СОГУМ

Аңгалбайдын атын ким койгонун чындыгы өзү да билбейт жана билишке кызыкдар болгон да эмес.
Бай болбосо да аңгал экендиги билинип калчу.
Кээ бирөөлөр ушул жөнүндө сурап калса -- "мен кайдан билейин" - дегендей ийнин күйшөп далысын силкип койчу.
Мүнөзү, жүрүш - турушу да, сүйлөгөн сөзү да, адамдар менен карым - катнашы да - баарысы сырттан караган адамга төп келишип тургандай эле.
Өйдө - ылдый менен иши жок, калаанын босогосундагы айылда жашаса да карапайым чарбачыл казактын күнүн көргөн, элдин алды да эмес, артында да эмес, орточо тиргилигин өткөргөн көптүн бири катары жашаган адам.
Жай мезгилинен бери Аңгалбайдын оюна тынчтык бербеген бир иш болду.
Элүү жашты эңшерип бара жатса да өз башынча кышка согум деп атап атайы бир чоң мал атап бордоку кылып багып сойбогон экен.
Жыл сайын кышта кой - эчки короодогу майда малдан эт даярдап үй - бүлөсүнө бергени рас.
Арасында базардан килограммдап эт сатып алчу же чоң малды жиликтеп сатчулардын тизмесине жазылып алгандары бар.
Бирок ушул жашка жеткенче атайлап жем - чөп менен байлап үй баласын же жылкы баласын согумга деп атабаган экен.
Аңгалбай кандай болсо да быйыл согум сойууга ичинен катуу белсенип киришип калды.
Жай айында кудай кошкон жубайына акырын четин чыгарып айтып эле ай - буйга карабастан жекшемби базардын биринен эки жашар жаш жылкыны сатып алып келди...
Ошол күндөн баштап эрмеги ушул мал болду.
Күндө берилүүчү жем - чөбүн берет, ичээр суусунун таза болушуна көз салат,астын тынымсыз тазалап,жылкынын үстү башын сыйпалап тарап ,бир нерселерди күбүрөп айтууну да унутпайт.
Жылкы байлап жүргөн кишилерден уккан - көргөндөрү боюнча кеминде 2,5 - 3 ай бойу жемди жакшы берип, андан соң согумга жыгам деген ниетке абдан ширелип бекемделди.
Жаш жылкыны борго киргизген күнү эшиктин ички жагына ак бор менен чооң кылып жазып да койду.
Союла турган күнүн астына жазууну да эстен чыгарган жок.
Ошону менен короонун кара кочкул эшигиндеги 27.08 - 27.11 деген аппак жазуу Аңгалбай кирген - чыккан сайын көзүнө түшүп, көңүлүнө да жат болуп калган болчу.
Мунун согумга мал байлап жатканын бир аз эл кулак кагыш болуп угуп калышканына да себепчи болуп үлгүрдү.
Кээ бирине өзү айтса керек, калгандарына аялы жеткирген чыгаар, мүмкүн биринен - бирине тараганбы айтор кошуна айылдагы кудасы да, шаардагы кызы да , студент баласы да , аралаш -куралаш эки - үч жолдош балдары да, үйүнүн бет маңдайындагы коңшулары да баары түгөл кабардар болуп үлгүрүштү.
Кимден укканын ким билет, Аңгалбай түнкү кароол болуп иштеген мекеменин башчысы да согум тууралуу биле турганы да ачыкка чыкты.
Жылкы бордоого киргенден бери телефону тез - тез чырылдай турган болду, жолугуп калган тааныш - тамырлар да мурдагыдан башкачараак саламдашып,ал - акыбалды калыңдап сурап жаткандай же өзүнө ошондой сезилгендей көрүнүп калды.
Баарысы эле согумга арналып байланган малдын ал - жайын сурап, качан согумга жыгуусун тактап билгиси келишет.
Аңгалбай да аркимге аркандай жооп берсем туура болбой калат го деп 27-декабрь күнү анык союлат деп баарысына кулак кагыш кылды.
Жөнөкөйдө эч бир кабарлашпаган кошуна айылдагы кудасы;
-- Кудаке ,согумдун куурдагын жей турган күнү биз калып кетпейли ээ - деп азил - тамаша кылып калды.
-- Ой куда ал не дегениңиз ,сиз жебеген куурдакты ким жемек эле,жылкынын этин аямак белем, буюрса 27 си кечке даяр болуп келе бериңиз - деди бапыраңдап.
Шаардагы кызы болсо;
-- Ата күйөө балаңыз менен жээндериңиз жаш жылкынын жылуу - жумшак куурдак этин качан жейбиз деп даярданып жүрүшөт - деп аптанын артын кургатпай коңгуроо кылганды адат кылып алды.
-- Кызым ай ,силер деп байлап отурган жок белем, айтылган күнү унутп калбай түгөл чогуу келгиле, тойгонуңарча жейсиңер,дагы бир эки калта этти шыбага кылып ала кетесиңер го - дейт ак көңүл мүнөзү кармап.
Мурдалары айлап айылга келбеген, окуу менен кошумча жумушунан колу тийбеген уулу да айылга тездеп келе баштады.
-- Үч бала батир жалдап отурабыз билесиз да ата.
Күндө көчөдөн сатып алып ичип жегенге да көп акча кетет экен.
Ошондуктан бир маал тамакты үйдө даярдайбыз.
Бирге жашаган досторума ата - энелери салам - дубай жиберип турушат, - деп кыйытып айтканды баштады.
-- Айланайын балам , ушул согумдун этинин баарын апаң экөөбүз жеп түгөтөт дейсиңби?
Сөзсүз,эртең бир - эки жилигин алып кетип кышы менен өзөк жалгап турасыңар го - деп элжиреп сүйлөп баласын ыраазы кылып койду.
Ушундай сөздөрдүн баарын кулагы чалып калган аялы бир күнү чыдабай өз ойун билдирди.
--- Кандай адамсың деги сен өзү,али союлбаган малдын этин тирүүлөй таркатып буттуң го.
Байкагын дагы жеткире албай калып жүрбөгүн.
Буюрса эң биринчи арбактарга арнап Куран окутуубуз керек, ага да бир аз эт кетет
Тууган - урук ,куда - жекжаатарды чакырып согумдан көз акы бере турган жөнүбүз бар.
Айтмакчы , кайын журтуң да салам - дубай жиберип жатышат - деши менен аялынын сөзүнүн акырын тамашага буруп салды.
-- Коркпо , баарын жасайбыз, баарына эле жетет,сенин төркүндөрүңдүн да шыбагасын беребиз - деди эпилдеп.
Көз алдына абдан семирген жаш жылкынын этинен ооз тийгендер менен шыбага алгандардын алкышка толгон жүздөрүн элестетип.
Муну уккан аялы кытмыр күлүп;
-- Кудайым кааласа... - деди угузаар угузмаксан кобурап.
Арадан үч ай тез эле зымырап өтүп кетти
Базардан алгачкы алып келгендей эмес, күчтүү дем - чөп коймок беле, томолонуп жылтырап семирип чыга келди.
Бүгүн - эртең союууга жарап калды.
Аңгалбайдын айткан убактысын жаттап алган коңушу айылдагы кудасы да,шаардагы кызы да, студент уулу да,сыйлашкан жоро - жолдоштору менен коңушулар да согумду соёор күн жакындаган сайын кабар алууну тездетип,баарысынын көңүлү ушул коргонго ооп калды.
Аңгалбай атына жараша саал -маал аңкоо чалыш,
ишенчеек, көңүлчөөктөй болгону менен айтканынан кайтпай калчу мүнөзү да бар эле.
-- Үч айга жуук байланыптыр ,эми сойгонго болот,
мындан артык салмак кошпойт, - дегендерге.
--- Мал меники 27 си дедимби, болду...ошол күнү чыгабыз.
Андан көрө ашказаныңарды дайындай бергиле,
эсиңерден чыгарып салбай ошол күнү кечке үйгө келе бергиле
Жылкынын эти түшүңөргө кирип жаткан чыгаар, эми тишиңерге кирсин - деп азил - тамаша айтып баштады.
Болжолдонгон убакытка бир эки күн калганда касапчы менен да акысы канча болот баарын убадалашып койду.
Ал болсо жанына жардамчыларын ээрчите келип 2-3 сааттын ичинде жиликтеп , казысын каптап ,баш - шыйрагын куйкалап, эң акыры бериле турган шыбага, казанга салына турган жана куурдак этке чейин ирээттеп жай - жайына коюп бере турган болуп кол алышты.
Куда,кыз,уул,жолдош,
коңушу,жетекчиси - баарысы кечки саат 6 да "согум чүйгүн болсун"- деп айтууга така - так келип даяр турушту.
* * * * * *
Көптөн күткөн ноябрдын 27 синин убагы да келди
Баары бир ооздон акылдашып же макулдашып алышкандай саат 6 га карай Аңгалбайдын үйүнүн айланасында машина унаалары менен келген адамдардын карааны көбөйгөндөн көбөйүп жатты .
Коңушу айылдагы кудасы аялы менен, шаардагы кызы үй - ичи менен, студент уулу эки досу менен, үч дос - жоролору келинчектери менен,төрт кошунасы жуптары менен, ал түгүл Аңгалбайдын жетекчиси шоопуру менен, баары бир мезгилде жыйналып калышты.
Эшиктин алдында амандык - ал акыбал сурашып болгон соң үйгө киргенде... конокторго караганга бети чыдабай ,
алдында жаткан калтадагы бир буума акчага телмирип карап кыймылсыз отурган Аңгалбайды көр.
Себеби...
Ошол күнү түштө айылды аралап семиз бордоку алып жүргөн соодагердин бал тилине эрип ,алган баасынан эки эсеге пайдасына маарып калган ак көңүл Аңгалбай согумга деген жылкысын сатып - ийгенин өзү да аңгарбай да калган болчу ...
Акчадан да ар - намыс бийик турушуна акылы кийин жетип отурат.
ТУМАРТАЙ ДИНТАЙ УУЛУ
Кыргызчалаган;
МАМЕТОВА ЗУУРАБҮ АЛИМБЕКОВНА САНТА
*Соғым*
(әңгіме)
Аңғалбайдың есімін кім қойғанын оның өзі де білмейді және білуге құмартқан да емес. Бай болмаса да, аңғал екендігі білініп қалатын. Базбіреулер осы жайында сұрай қалса, " мен қайдан білейін"- дегендей иығын қиқаң еткізіп қоя салатын.Мінезі де, жүріс-тұрысы да, сөйлеген сөзі де, адамдармен қарым-қатынасы да - барлығы сырт көзге атына сай көрініп тұратындай еді.
Қақ- соқпен жұмысы жоқ, қаланың іргесіндегі ауылда тұрса да қарапайым шаруа қазақтың күйін кешкен, елдің алдына да шықпай, соңында да қалмай орташа тірлігін күйттеген көптің бірі ретінде өмір сүріп жатқан жайы бар.
Жаз мезгілінен бері Аңғалбайдың ойына маза бермеген бір іс болды. Елуді еңсерген шағына дейін жеке басы қыстық соғым деп арнайы ірі мал бордақылап соймаған екен.Жыл сайын қыста қой-ешкі түлігінен ет дайындап, отбасының қажетіне жарататыны бар.Арасында базардан кіләлап ет сатып алады немесе ірі қараны жіліктеп сататындардан да кейде бірер жілікке жазылатыны тағы рас.Бірақ осы жасқа жеткенше арнайы жем-шөппен байлап, сиыр мен жылқы баласын соғымға жаратпаған екен.
Аңғалбай биыл қалайда соғым союға іштей бекінді.Тамыз айында құдай қосқан қосағына әңгіме арасында шет жағасын айтты да, әй-шәйға қарамастан жексенбі базардың бірінде екі жасар жас жылқы сатып әкелді.Сол күннен бастап ермегі осы мал болды. Күнделікті жем-шөбін береді, ішетін суының таза болуын қадағалайды, астын мұқият тазалайды, жылқының үсті-басын сипалайды және бірдемелерді күбірлеп айтуды да ұмытпайды.Жылқы байлап жүрген кісілерден естіген- білгені бойынша кемінде 2,5 -3 ай бойы жемдеп, сосын соғымға жығам деген ниетке нақты бекінді.
Жас жылқыны қораға кіргізген күнін есіктің ішкі жағына ақ бормен үлкендеу етіп жазып қойды.Сойылатын күнін астына жазуды да ұмытпады. Сонымен қораның қарақошқыл есігіндегі 27.08 -27.11 деген аппақ жазу Аңғалбай әрбір кірген-шыққан сайын көзіне түсіп, көңіліне жатталып қалған еді.
Мұның соғымға мал байлап жатқанынан біраз жұрт құлақтанып та үлгерді. Кейбіріне өзі айтса керек, енді біріне әйелі жеткізген шығар, мүмкін бірден-бірге тарады ма, әйтеуір көрші ауылдағы құдасы да, қаладағы қызы да, студент баласы да, аралас-құралас екі-үш жолдасы да, үй маңайындағы көршілері де түгел хабардар болып үлгерді. Кімнен естігенін қайдам, Аңғалбай түнгі қарауыл боп істейтін шағын мекеменің басшысы да соғым жайлы білетін боп шықты.
Жылқы қораға кіргелі бері телефоны жиі-жиі шырылдайтын болды, жолығысып қалған тамыр-таныс та бұрынғыдан өзгешелеу амандасып, қал- жағдайды тәптіштеп сұрайтын болғандай немесе өзіне солай көрінетін.
Барлығы да соғымға арналған малдың жай-күйін сұрап, қашан жығуға жоспарлап отырғанын білгісі келеді.Аңғалбай әркімге әртүрлі жауап бергенім ыңғайсыз болар деп, қараша айының 27- і күні анық сойылады деп бәрін құлағдар етті.
Әшейінде көп хабарласа бермейтін көрші ауылдағы құдасы:
-- Құдеке, соғымның қуырдағын жейтін күні біз қап кетпейік, - деп әзілдейтінді бастады.
-- О не дегеніңіз, сіз жемеген қуырдақты кім жейді, жылқының шекесін де бұйыртса қарашаның 27- і кешке мүжуге дайындала беріңіз,- дейді бұл аңқылдап.
Қаладағы қызы болса:
-- Әке, күйеубалаңыз бен жиендеріңіз жас жылқының жылы- жұмсағын қашан жейміз деп дайындалып жүр,- деп апта құрғатпай қоңыраулататынды шығарды.
-- Қызым-ау, сендер деп байлап жатқан жоқпын ба, айтылған күні ұмытып кетпей түгел келіңдер, тойғандарыңша жейсіңдер, тағы бір-екі дорба етті сыбаға ретінде ала кетесіңдер ғой,- дейді ақкөңіл мінезіне салып.
Бұрындары айлап ауылға соқпайтын, оқуымен бірге қосымша жұмысынан қолы тие бермейтінін сылтау ететін студент ұлы да ауылға жиі келгіштеді.
-- Үш жігіт пәтер жалдап тұратынымызды білесіз, көке.Күнде көшеден сатып алып іше беруге көп қаржы кетіп қалады, сондықтан бір мезгіл тамақты өзіміз үйде дайындаймыз. Қасымдағы достарыма да ата-аналары сәлем-сауқат жіберіп тұрады,- деп астарлап сөйлейтінді шығарды.
-- Айналайын-ау, осы соғымның бәрін шешең екеуміз жеп тауысады дейсің бе? Әрине, ертең бір-екі жілігін әкетіп, қыстай көжеқатық қыласыңдар ғой,-деп елжірей сөйлеп баласын риза етіп қойды.
Осы әңгімелердің бәрін құлағы шалып қап жүрген әйелі бір күні шыдамай өз ойын білдірді.
-- Қандай адамсың өзі, әлі сойылмаған малдың етін тірідей тарқатып бітірдің ғой.Байқа, жеткізе алмай қалып жүрме.Бұйырса, ең алдымен әруақтарға арнап құран оқытуымыз керек, оған да біраз ет кетеді.Туған-туыс, құда- жегжатты жинап соғымбасын беретін жөніміз тағы бар. Айтпақшы, қайынжұртың да сәлем айтып жатыр,-деумен сөз аяғын қалжыңға бұрды.
-- Қорықпа, бәрін де жасаймыз, бәріне де жетеді, сенің төркініңнің де сыбағасын береміз,- деді елпілдеп, көз алдына әбден семірген жас жылқының етінен ауыз тигендер мен сыбаға алғандардың алғыс толы жүздері елестеп.
Мұны естіген әйелі әнтек күлімсіреп:
--Құдайқаласа...- деді естілер-естілмес.
Арада үш ай лезде сырғып өте шықты.Базардан алғаш әкелгендей емес, құнары мол жем мен шөп қойсын ба, жылқы қоңданып, домаланып шыға келді.Бүгін- ертең союға да дайын боп қалды.
Аңғалбайдың айтқан мерзімін жаттап алған көрші ауылдағы құдасы да, қаладағы қызы да, студент ұлы да, сыйлас жолдастары мен көршілері де соғым күні жақындаған сайын хабар алуды жиілетті, бар назары осы шаңыраққа қарай ауды.
Аңғалбай атына сай сәл аңғалдау, сенгіш, көңілшектеу болғанымен, айтқанынан қайтпай қалатын мінезі де болушы еді.
-- Үш айға жуық байланыпты,енді соя беруге болады, бұдан артық салмақ қоспайды,- дегендерге,
-- Мал менікі, қарашаның 27- і дедім бе, болды...сол күні жығамыз.Одан да асқазвндарыңды дайындай беріңдер, естеріңнен шығарып алмай сол күні кешке үйге келіңдер.Жылқының еті түстеріңе кіріп жүрген шығар, енді тістеріңе кірсін, - деп әзілдейтінді бастады.
Межелі мезгілге бір-екі күн қалғанда қасапшымен де ақысына уағдаласып қойды.Ол қасына көмекшілерін ерте келіп, 2-3 сағаттың ішінде жіліктеп, қазысын айналдырып, бас- сирағын үйітіп, ең аяғы беретін сыбаға, асылатын және қуырдақ етке дейін реттеп беретін болып қол алысты.
Құда, қыз, ұл, жолдас, көрші, бастығы - барлығы да кешкі сағат 6- да " соғым шүйгін болсын"- айтуға тас-түйін дайын болды.
* * * * * * *
Көптен күткен қарашаның 27- інің ымырты да үйірілді, Тап бір ақылдасып алғандай , сағат 6- ға таяу Аңғалбайдың үйінің маңында көлік пен адам қарасы молая бастады.Көрші ауылдағы құдасы әйелімен, қаладағы қызы үй-ішімен, студент баласы екі досымен, үш жолдасы келіншектерімен, төрт көршісі жұптарымен, тіпті Аңғалбайдың бастығы шопырымен- бәрі бір мезетте жинала қалды. Есік алдында амандық-саулық сұрасып болған соң үйге кіргенде...қонақтарға қарауға беті шыдамай, алдында жатқан бір бума ақшаға телміре қарап қимылсыз отырған Аңғалбайды көрді.
Себебі, сол күні түсте ауылды аралап семіз бордақы алып жүрген саудагерлердің майда тіліне еріп, алған бағасынан екі еседей пайдасына елітіп қалған ақкөңіл Аңғалбай соғым жылқысын сатып-ақ жібергенін аңғармай да қалып еді...ақшадан абыройдың жоғары тұратыны санасына кештеу жеткен.
Тұмартай Дінтайұлы
#согум_элдик

Комментарии 3

Элера Элегия
Элера Элегия
Вый баары😍тамшанып кала беришиптирда
30 ноя
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    shah shah
    shah shah
    30 ноя
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Nurgul Murzabaeva(замужем)
    Жайлаптыр
    1 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЛентаТемы 3 060Фото 2 938Видео 5Участники 4 951
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 3 060
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться