Предыдущая публикация
ЭЛДИК ТАЙПА.

ЭЛДИК ТАЙПА.

28 ноя

Кокустук -1

Кокустук -1 - 5396038883242
Күйөөсү жумуштан келерине аз калганда,келин тамагын бышырып болуп,эки жашар баласынын курсагын тойгуза коёюн деп, тарелкага тамактан салып,муздатып жатты.Баласы машинасын ары-бери түртүп,ойноп отурган.Тамак муздап,эми баласына жедирейин деп отурганда,телефон чырылдап калбаспы...Группалаш курбусу чалып жатыптыр.Телефонун колуна алып,аны менен сүйлошүп,ашкананын ачык турган терезесинен төмөндөгү адамдарга көз жүгүртүп,туруп калды.Экөө алдыдагы сессияга даярдык,экзамендер,зачеттор, мугалимдердин кыял-жоруктарын талкуулап,көпкө турушту... Бул учурда бала ойноп жаткан машинасын таштап,столдун четинде келди.Кечки тамактын маалы болуп калгандыктан,анын курсагы ача баштаган.Столдун четинде турган тарелкадагы тамакка көзү түштү.Колун өйдө карай сунуп,муздайын деп калган тамактын четинде турган бармактай этти алып,оозуна салды.Мүлжүңдөп, оозундагы этти чайнап,жанатан ойноп жаткан машинасынын жанына бара жатып,жерге салынган шырдактын четине чалынды...жыгылды...оозундагы эт тамагына келип туруп калды.Этти же ары жута албайт,же сыртка карай түкүрө албайт.Дем алуусу кыйындап баратты. Апасы дагы эле курбусу менен маектешип жатты. -Ал эжей абдан катаал адам дешет.Группанын жарымын кулатып,анан аларды бир ай бою эрмектеп,улам кайра тапшырууга чакырып,жүдөтөт дейт.Акча да албайт,өз боюн көтөргөн,кеңкейген аял -Ооба,ал эжейдин үй-бүлөсү жок, жалгыз жашайт,муштумдай күчүгү гана бар.Такыр турмушка чыкпаган дешет,кырк жашта,бизден бир кабат төмөндө, биринчи кабатта жашайт,-деди келин -Ошон үчүн бардык күчүн,жинин студенттерден чыгарат окшобойбу.Кылар иши,ыйлап жаткан баласы, күтүп жаткан күйөөсү болбогондон кийин,түн киргенче жүмушта жүрө берет да... Бала тыбырчылап,жан талашып жатты.Үнү да чыкпайт.Апасын чакыра албайт.Жөн гана жерде ооналактап,чымындай жаны чыркырап,муунуп баратты,көзүнүн жашы салаалап,жаагын жууп жатты.Баланын кыйналганын угар апасы жок.Терезеде ,жайбаракат курбусу менен сүйлошүп турду.Ары-бери өткөн машиналардын үнү,шаардын атмосферасы,уу-дуусу баланын тыбырчылаган дабышын апасына угуза койбоду...чабалактап жатып,көзүнөн да,мурдунан да кетти..эки көзү апасында. -Эшекти эстесең,эки кулагы көрүнөт,ха,ха,за -Эмне болду?Кайсы эшекти көрдүң? -Эшиктин алдына кошуна эжейимдин машинасы келип токтоду.Биздин ,, сүйүктүү,, эжейибиздин машинасы.Кой , жакшы тур,мен балама тамак берейин...Келин телефонун өчүрүп,артка кайрылды.Баласы жерде жаткан.Оозунун тегереги көгөрүп,дем алуусу билинбей калган... Уланат Айгүл Усупова #кокустук_элдик

Комментарии 3

Жамиля Сейдалиева
Жамиля Сейдалиева
29 ноя
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Айдай Уралиева
    😂Оомийин, оомийин, Оомийин!!!
    29 ноя
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Жыпара Темирбек Турусбеков
    Эмине болор экен деп коркуп кеттим
    6 дек
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЛентаТемы 3 060Фото 2 938Видео 5Участники 4 951
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 3 060
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться