Ата-энесинин санаасы тынбай «Эми эмне болот?, Окуудан чыгып каласыңбы?» деп бушайман. Атасынын «борбордогу университетке которулуп,ошол жактан оку»-дегенине караманча муюбай «ушул жерди окуп бүтөм, улам бир университетке бара бермек белем»-деп болбой койду. Баягы окуучум деген агайга Асылдын атасы “маселе эми эмне болот?” деген суроо менен эч кимге айтпай барып келиптир. Асыл аны билгенде баргызбай таптакыр каршы болмок. Агай «Акча менен баа коюлганы чындык. Кызыңыз жакшы окуган студент экени да чындык. Ректор туура чечим чыгарат деп ишенем.Сарсанаа болбоңуз. Кызыңыз сабактан калбай, дагы жакшы окусун,3-курстан баштап адистик предметтер башталат,Адистигин жакшы окусун»-деп айтыптыр.
3-курс башталды. Бир ай гана эс алуу алган Асыл университетке түпөйүл абалда келди. Паракор мугалим иштен айдалыптыр. Бул жаңылык Асылды жеңилдетти. Бирок Асылды чүйрүйө караган анын «подружкелери», тарапташтары жакшылык кылчу түрлөрү жок. Эми мурункудан бешбетер сөздүк, китеп, конспектти баш көтөрбөй окуй турган болду. Сабактан келээри менен шаардык китепканада кеч күүгүмгө чейин отурат. Борбордон эки чоң сөздүк алдырды. Бир китептин оордугу эле 1,5 киллограммдай бар. Эки китепти дайыма көтөрүп алат. Группалаш кызы бир жолу «Өзүңөн чоң китептерди неге дайыма эле көтөрүп аласың?» - дегени эсинде. Окуу уланып жатты. Зачетканын дубликатын алып баарын кайра толуктап баа койдуруп чыкты. Мугалимдерди издеп бир буту шаардын ортосуна көчүрүлгөн башкы корпуста, бир буту шаардын четиндеги бир корпуста болуп абдан убара болду.
Адистик багытында сабак берген айрым мугалимдердин коомай, жаман көргөн мамилеси, сынай тиктеген көз карашы, семинардык сабактарда жооп берип жатса да «отурчу!!!» деп койгону Асылды жүдөттү. Бир ирээт куратор мугалими Накин Төрөбаева окуянын чоо-жайын куратор катары сурабай туруп эле Асылга карата аныктама берип «Ай!!! сен «опасный» кызсың. Сүйлөбөчү!!!» - дегени Асылды абдан ардантып эсинде түбөлүккө калып калды. Өкүм, өзүнүкүн гана туура деп эсептеген бул аялзатка кошоматка кой сойгондой кыпчылып Асылды жаман көрүмүш болгон берки байкуш пенделерге эмне жок десең.
Университетте басып жүрүү тозокко айланды. Башка адистиктеги курсташтардын сөөмөй менен тымызын көрсөтүп «Доматованы кетириптир» -деп шыбырашкандары бир чети күлкүсүн келтирсе, бир чети итиркейин келтирет.
Тоолуу өрөөндө электр жарыгы тез-тез өчө берээр эле. Асыл электр жарыгы өчүп, шам чырак да түгөнүп калганда чыныны көмкөрүп түбүнө зыгыр май куюп, кебезди билик кылып алып окуп жүрдү. Эртеси эки таноосу капкара болуп жууп кетире албай убара болчу. Эртең менен комнатанын шыптарынын бурчтарына кара желе туруп калаар эле. Атасы айылга барган сайын апасына «Ой.., жанагы кызың көзүнөн ажырап калмак болду. Күнү түнү окуйт. Китептерин кучактап, уктап калып үшүп калат» - дей берчү экен.
Кышкы сессиянын айрым сабактарынан кайра-кайра бегунок алып жатып эптеп «3»кө тапшырып бүттү. Сабак билбей калганынан эмес, жөн гана айрым мугалимдердин паракор мугалимге боору ооруган «боорукерлигинен» улам. Ал эми стипендиядан кур калганын окуу жылынын башында эле билген.
«Айылда мектепке Америкалык волонтёр келиптир» деп айтып келди айылга барып келген Асылдын атасы. Асыл кышкы сессиядан соң айылга барып волонтёр менен таанышты.Адистиги англис тили багыты болгондуктан, бул тилде эркин сүйлөөгө аракет кыла баштады. Жаттап окуу башка, ал эми тилдик барьерди жоюу башка экенин сезип, алдыда дагы далай аракет жана эмгек кылуу керек экенин түшүндү.
Чакан шаардагы «Бийик жер» аталышындагы англис тилине окутуу курсуна жана «Мээрим» фондусунда ачылган компьютердик сабаттуулук курсуна жазылып алып кошумча окуп жүрдү. Туристтерди тосуп алуучу «СВТ» офисине жардамчы, репетитор болуп жумушка орношуп, турист тосуучу жеке үй мейманкалардын ээлерин кечки саат 6дан-8ге чейинки убакытта башталгыч англис тилине окутчу. Дем алыш күндөрү радиодо тушку 12де BBC жанылыктары англис тилинде берилээр эле. Атайын ошол уктурууну күтүп кулагын жатыктырып угуп, айтор Асыл аракетинен жазбады. Телевизорду коюп алып жаңылык окуп жаткан диктордун айтканын ээрчип которгонго аракет кылып жанылыктар берүүсү бүткөнчө отурчу. Үйдүн ичин жайнатып англисче сөздөрдү котормосу менен жазып, быжыратып илип алып жаттаганы абдан көп жардамы тийди. Чөнтөгүндө дайыма майда кагаздарга жазылган англисче сөздөр болоор эле. Транспортко түшсө да, троллейбус күтсө да же жөө басып кетип бара жатса да ошол чөнтөгүндөгү англисче сөздөрдү карап, котормосун эстегенге аракет кылчу. Котормосу эсинен чыгып эстей албай калса, үйгө барганда ошол сөздү маркер менен алакандай кагазга жазып дубалга чаптап койчу. Ошенте берип, атасы жыл жаңырганда жаз алды менен сатып берген 2 бөлмөлүү үйү шыптан баштап, полго чейин төрт тарабынан тең далбааланып чапталган кагаздарга толуп кеткен. Кыраакы атасы кызы сабагынан өтө кыйналып жүргөнүн сезип университеттин короосунда жайгашкан студенттик жатаканадагы сынай тиктеген элдин назарынан оолактатайын десе керек. Асыл кыз студенттерге окшоп майрамдап, бийге барып же конокко барып шаңдана албады. Күнүгө жүрөгүн түпөйүл кылган бул окуусу. Студенттик күндөрүнүн бир күнү жакшы өтсө, экинчи күнү дагы бир мугалим кагып-силкип, ар бир күнү ар кандай сюрприз күтүп жашады. Семестр алмашканда эгер Доматованын “подружкеси” сабак берип кала турган болсо, анда эле азаптын азабы болду. Кесиптик сабактары менен кошо, ал мугалимдин да сабактарын кошуп күнү-түнү жаттап окуур эле. Зачетко келгенде ал сабактан кеминде 3 жолу бегунок алып, кайра кайра тапшырып жатып араң кийинки семестрге өтчү. Такылдап жооп берип жаткан студентке баа койбоско чарасы калбай калганда гана айласы кетип зачетканы силкип ыргытып жатып эптеп белгилеп берчү.
Ошентип тез эле 2 жыл өтүп кетти. Кээ бир сабактардан гана «4» деген баа албаса, көпчүлүк англис тил кесиби боюнча сабактардан илмейген «3» алганына ыраазы болчу. «Кеп баада эмес, кептин баары адистигимди мыкты билгенимде»-деп аракетинен тайган жок. Англис тилинде кадимкидей сүйлөп, кээде айрым уюмдардан которуп берүүгө материалдарды (раздаточные материалы) алып анча мынча тыйын тыпыр тапканга жарады. Кошумча курсту аяктаган сон окутуу борборунун уюштуруусу менен «Башат» айылына Америкалык врачтардын тобу үчүн котормочулукка тандалды.Ошентип 4-курсту бүткөндөн баштап оозеки котормочулук тушоосу кесилди.
4-бөлүктүн аягы
Уландысы бар.
#айгак_элдик
Комментарии 1