(автор: Алтын Иниятовна/Altyn Iniyatovna) 3-бөлүк. “Сыйрылган бет кап»
Эртеси Асылды проректорго чакырышты. Университетке жаңы тапшырып келген студенттерди чогултуп "паракорлук бул жерде жок; каршыбыз; токтоосуз чара көрөбүз"-деп бийик сүйлөгөн баягы ак саргыл, мурутчан проректор Актанбек Каргабаевич Асыл кызды кекээрлүү тосуп алды. «Иии!!! Мени да акча алып жатат деп жазбайсыңбы?!!!» - деп кудум баягы акыйкатчыл бет кабын эми эле сыйрып ыргыткандай. «Сессияларыңды тапшырбаптырсын. Кечээ ГАКка да келбептирсиң. Баарын кайра тапшырууга бир гана жолу шанс берилет. Тапшыра албасаң окуудан чыгарыласың»-деди. «Агай. Мен тапшыргам сессияларымды. Зачеткамды жоготуп алдым» - дегенге араң жарады байкуш Асыл кыз.
Сессиялардагы негизги сабактардын баарын жана ГАКтын предметин кайра тапшыруу датасы Асыл үчүн атайын белгиленди. Курсташ, группалаштары үйлөрүнө каникулга кетишти. Эрбейген Асыл гана университеттин китепканасында жабылганча отурчу болду.
Асыл уйку эмне экенин билбей күнү-түнү китеп, конспект менен алек. Айылдан апасы атасы аркылуу кат берип жибериптир. «Эмне үйгө келбей жатасың?»-деген апасынын суроосунан улам, Асыл атасына иштин чоо-жайын айтып берди.
Белгиленген күн да келди. Баягы проректор агайдын кабинетинде каз катар тизилип проректор өзү,паракор мугалим, анын курбусу сулуу мугалим, лаборант кыз жана дагы бир мугалим болуп мамлекеттик расмий экзамен алчудай олуттуу отурушуптур. Кыз башын жерге салып кабинеттеги бетти түктүү кочкул кызыл дорожканы тиктеп коомай басып барып комиссиянын мандайыңа барып отурду. Баары кызды жеп жиберчүдөй теше тиктешет. Карышкырлардын курчоосундаа калган козудай бүрүшүп байкуш кыз жерге кирип, жок болуп кетүүгө даяр эле.
Бул студент кыз жакшы окуган, стипендия алган студенттердин катарында экенин ушул отурган мугалимдердин баары эле эң жакшы билишчү. Бирок, кантсин эми проректор агай карга карганын көзүн чукубайт болуп атайын кайра жеке экзамен,ГАК белгилебедиби.
Бардык суроолорго такылдап жооп берип жатты. Экзамен, ГАК бир кыйлага созулду. Жалгыз бир студент үчүн бир нече сабактар бириктирилип чоң экзаменге айланган мындай жагдай билим берүү системасынын тарыхында болбосо керек. Студенттин колу буту муздап, бүткөн бою жансызданып барат. Мугалимдерди жалтактай караганы менен, ар бир суроого так жооптор берилди. Бир далайдан соң отурган мугалимдер кагаздарды шуудуратып, бул кыйноо аягына чыккандай. Проректор агай «Сен жакшы эле окуй турбайсыңбы» - деди эми эле билип жаткансып. Капырай ай, өзү предмети боюнча Асылдын курсуна лекция окуп, экзамен, зачет алып жүргөндө группадагы жакшы окуган студенттин бири экенин кантип унутуп калды экен? Акыркы суроо деди проректор: «Бирөөнү жылан чагып алса кандай жардам көрсөтөсүң?». Асыл такалбастан жооп берди. Айтор, тил мугалими багытындагы студент жылан чагабы, ажыдаар чагабы баарын билиши абзел го?. Неси болсо, адамдар чакканы жаман экенин студент кыз өмүр бою унутпас болду.
3-бөлүктүн аягы.
Уландысы бар.
#айгак_элдик
Комментарии 4