Предыдущая публикация
ЭЛДИК ТАЙПА.

ЭЛДИК ТАЙПА.

19 июн 2023
"Бармагы кесилбегендин башы оорубайт" болуп, адамдын бир жери ооруп калмайынча көп нерсеге кайыл болуп, өзүнүн саламаттыгына өзү душман болот тура... - 963837653930

"Бармагы кесилбегендин башы оорубайт" болуп, адамдын бир жери ооруп калмайынча көп нерсеге кайыл болуп, өзүнүн саламаттыгына өзү душман болот тура...

Азыр өзгөчө жаштар вейптерди, электрондук чылымдарды чегип жүргөндөрүн көрүп каласың... Колунда көтөргөндөрү энергетиктер... Мындай көрүнүштөр жаш өспүрүм балдар менен жаштар арасында "популярдуу" болуп бара жаткандай... Коомдук жайларда, аялдамада отуруп деле же коомдук транспортто, мелүүн бейкапар электрондук чылымды чегип кетип бара жаткандар, көзгө көп чалдыкчу болду... Мектеп жашындагы балдардын да бул чылымга кызыгып берилип чегип отурганын көрүп, зээниң кейибей койбойт экен. "Кой-ай" дегениңе кайра: "Баары эле чегип жүрүшөт го? Бул мода да?!" деп жооп бергендеричи... Башында ушундай заманбап электрондук чылымдар чыкканын интернет булактарынан гана көрүп калчу элек. Кийинчерээк бизге да келип жеткенин, кымбат тураарын угуп калчубуз. Эми болсо, көпчүлүктүн чөнтөгүнө чак келе тургандай төмөнкү сапаттагы арзаныраак баадагы электрондук чылымдар сатыкта толуп, көбөйүп кеткендей. Менин байкашымча, өзгөчө акыркы үч жылдан ашуун убакыттан бери күндөн күнгө актуалдашып, күч алып бара жаткандай... Вейптерди чеккендерге: "зыяндуу го, чекепей эле койсоңчу? дегениңе: "Вейптер чылым чеккенди унуткарып таштатат экен жана ачууланып кейип турганда, маанайыңды көтөрөт! Ошондуктан зыяны деле жок" деген сыяктуу жоопторду угасың. "Арыктатат да экен" дегенди укканда: "кантип ушунчалык өзүн-өзү да алдап, ушундай балээлерди чыгарып жаткандардын калп жарнамаларына да ишенип, алданса болот?!..." деп кейип калам... Чылымды таштатып арыктатпаса да керек, маанайды көтөрөт деген да бул жөн гана миф, жөө жомоктун бири болсо керек! Анткени бул электрондук чылымды чеккен адамдын түздөн-түз мээсине барып бир тийип ууландырып, ой жүгүртүүсүн жайлатып, эс-тутумун тумандатат... Жана эрте айнып алжууга да алып келет экен... Чындыгында бул вейптердин адамга зыяндуулугу өтө чоң. Ден-соолукка жана адамдын өмүрүнө коркунуч туудура турган ар түрдүү зыяндуу заттардын 30 дан ашык түрү, тартуу учурунда буусу менен бөлүнүп чыгат экен. Бул мээни ууландырып жабыркатып, кан тамырын ичкертип эс-
тутумун начарлатып, аллергия да кылышы мүмкүн. Мүнөзү өзгөрүлүп ачуулуу болуп, депрессияга алып келет. Бронх, өпкө, жүрөк жабыркап отуруп, бара-бара түрдүү дарттардын пайда болуу коркунучу туулат. Орто жаштагы жана улгайып калган адамдардын да бул электрондук чылымды чегүүсү менен эски дарттарын козгоп, күчөтүп да жибериши мүмкүн. Жүрөгүндө дарты бар болгон толук адамдарга жана кант диабети менен ооруган адамдарга да, бул электрондук чылымдар коопту келет! Ошондуктан урматтуу ата-
энелер кулакка күмүш сырга, балдарды көзөмөлдөп кулагына куюп айта жүрүүбүз зарыл жана маанилүү!
Эми энергетиктер боюнча айта кетсем, бир зээнди кейиткен окуя эсиме түштү. Он жылдан ашыгыраак убакыт мурун, бир жерге жумуш боюнча комондировкалап барып калдык. Ал шаарчада тогуз жаштагы секелек кыздын энергетиктиктен боору эзилип кетип, каза болгондугу жөнүндө кесиптештерибизден угуп, абдан боорум ооруп, зээним кейиген эле... Бир нече жылдар бою энергетикти өлчөмүнөн ашыкча ичип жүргөндүгүнөн улам, энергетиктин зыяны тийгенин тастыкташкан экен. 20, 30 жашта да эмес, тогуз гана жашта болгон кичинекей, секелек кыз... Кыздын багаар-көрөөр адамы жок болуп, кароосуз болсо да бир жөн. Толук бүлөдөн болуп ата-энеси бар, чогуу турушчу экен. Анан секелек кыздын эмне ичип каякта жүргөнүн көзөмөлдөп карабаган ата-эне, эң биринчилерден болуп жоопту болот да. Демек, ата-энеси көңүл кош мамиле кылып, кайдыгер караган... Жана дагы баланы курчап турган чөйрө да, таасирин тийгизбей койбойт. Өзгөчө бизде жаңы чыккан жаңылык бат эле модага айланып, бири-бирин туурап калышат эмеспи. Өзгөчө азыркы мезгил учурунда балдардын көпчүлүгү өзү менен өзү болуп интернет тарбиялап, бири-
биринин кылгандарын туурап кайталоолору, эч кимге жаңылык деле эместей, көнүмүш адатка айланып бара жаткандай... Мына ушул жагы өтө кооптуу жагдайлардын бири... Энергетиктердин зыяндуулугу жөнүндө көпчүлүктүн кабары бар болсо керек. Бир нече өлкөлөрдө энергетикти сатууга катуу тыйуу салынган. Кээ бир өлкөлөрдө болсо өлчөм-
ченемдерин ж.б.толук маалыматтар жазылган тиркемеси менен "аптекаларда" гана сатылуусуна уруксат берилип, өспүрүм курактагы жаш балдарга сатууга, катуу тыюуу салынган экен. Бизде болсо сатыкта эч чектелүүсүз баары тең кенен-чонон сатылууда... Окумуштуулар болсо энергетиктердин зыяндуулугу жөнүндө какшап айтышып, коңгуроо кагып келишет. Бирок бул дагы чоң бизнестин бири болгондуктан, бизнес ээлери энергетиктин сырткы бетинде жазылган курамына таянышып, эч бир зыяндуулугу жоктугун айтып келишет. Кайра тескерисинче "адамдын маанайын көтөрүп кубат берип, чарчап-чаалыкканына туруштук бере алгандай сергектик, чыдамкайлыкты тартуулайт деп өзүнүкүн бербей келишет экен... Терең ойлонуп көргөндө, бул энергетиктердин курамында чындыгында эмнеси бар жогу, бир гана өзүлөрүнө эле маалим болбосо, бизге билинбестен сыр бойдон кала берсе керек... Энергетиктер өзгөчө жаш организмди бат эле талкалап, боорго, өпкөгө, жүрөккө чоң зыянын тийгизет экен... Өзгөчө гормондук фонуна терс таасирин тийгизип, кийинчерээк көптөгөн көйгөйлүү ахыбалдарга дуушар кылышы мүмкүн да... Жана дагы бир кызыгы, "энергетикти ичип арыктаса болот" деген түшүнүктүн калыптана баштаганында болду... Ооба, курамында L карнитрин бар, бирок окумуштуулардын чыгарган жыйынтыгында, энергетик арыктатмак турсун, кайра тескерисинче сырадай эле адамдын шалбыратып курсагын чыгарып, толдуруп жиберет. Бул энергетиктин гормондорго түздөн-
түз тийгизген терс таасиринин бири болсо керек... Гормон менен тамашалашпаш керек! Гормондун бузулушу, көптөгөн өнөкөттөрдүн башталуусунун себептеринин бири болот экен...
Энергетик ичип жүргөндөрдү көрүп калсаң, тааныбасаң да күйгөнүңөн: "Ушуга кызыгып ичпей эле койсоңчу?" дегениңе, ар түрдүү адамдардын окшош жоопторун угасың: "Жумуштан же окуудан чарчап - чаалыккандыктан улам энергетик иче койсом, жакшы боло түшөм. Дайыма эле ичип жүрөм, зыянын деле сезген жокмун. Демек, зыяны деле жок болуш керек?" дешсе, кээ бирөөсү: "Энергетиккке көнүп алганмын, энергетикти ичпесем башым ооруп, шалдырай берем. Энергетиксиз тура албайм?" деген сыяктуу жоопторду укканда, коңгуроо каккың келет... Ооба, электрондук чылым да, энергетиктер да адамды өзүнө бат көндүрүп, көз каранды кылып коёт... Чылым чекпесе, же энергетиктен адаттагыдай эле ичип турбаса маанайы суз болуп, башын оорутат. Эч нерсеге көңүлү келбей шалдырап, кыжырлуу да болушу мүмкүн. Энергетиктер адамдын иммунитетин да түшүрүп жиберет, ошондуктан: "эч зыянын сезген жокмун" деген чоң жаңылышкандык. Анткени, дарыгер болбогондон кийин кайсы жерине кандай таасир берип жатканын түшүнүп, биле албайт да. Жана ар кимди ар кандай таасирлентип, кимдир бирөөнү тез эле жабыркатса, кээ бирөөлөргө билинбей жүрө берип, кечирээк залакасын тийгизиши мүмкүн! Алибетте бул пайдалуу чоң бизнести аркалагандар менен аягына чейин күрөшүп, токтото албайсың...
Бирок балдарыбыздын ден-
соолугу чыңдыгына, саламаттыгына, өзүбүздөн башка эч ким өзүбүздөй болуп кам көрбөйт! Ошондуктан балдарыбызга көбүрөөк көңүл буруп, жүрүш-туруштарын көзөмөлгө алып, ушундай көйгөйлүү жагдайлардын алдын алуу аракеттерибиз туура, жакшы болмок! Сөзсүз түрдө балдардын тилин таап сүйлөшүп, бул бир караганда зыянсыз жөнөкөй көрүнгөн нерселердин зыяны чоң, жаман экенин болушунча жеткирип түшүндүрө алсак, түздөн түз адамдын ден-соолук өмүрүнүн үстүнөн пайда таап жүргөндөргө "кичине болсо да, туруштук бере алаар белек?" деген ойлор жүрөктү өйүттү...
НУРЖАМАЛ БЕКТЕНОВА

Комментарии 9

Акинай Турдуманбетова
🙈
19 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    АЙ ЛУНА
    АЙ ЛУНА
    Ичип да чегип да жатышпт
    Мин айтып мин кой баарыбир болуп калган копчулугуно
    19 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Майрам  Карабаева
    Майрам Карабаева
    Ар бир ата эне өзүнүн балдарын тыйбаса,эч ким тыялбай
    19 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Майрам  Карабаева
    Майрам Карабаева
    Терс нерселер көбөйдү
    19 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Sharipa Alieva
    😳
    19 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Бактыгул Мусакулова
    Бактыгул Мусакулова
    😳
    20 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Роза Айнура
    Роза Айнура
    Ооба чара корулсо жакшы болмок зыяндуу заттарга, жаш муундар бул элдин келечеги
    20 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Дастанбек Бекиев
    Ай балдарды койдура албай жатабызгоо болду эми чекпейм деп сөз берип алып жашыруун чегишүүдө не айла кылабыз мамлекет өспүрүмдөрдүн жаштардын келечеги үчүн ушуга тыйуу салуусу зарыл
    24 июн 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    zarema kazakbaeva
    zarema kazakbaeva
    Ушуга окшогондорду мамлекетке киргизбеш керек
    Чоңдор көзөмөл кылыш керек
    Кээ бир жерлерде ичимдиктерди талкалап тыюу салып атышат буларга да тыюу салыш керек
    10 июл 2023
  • Нет комментариев
    Новые комментарии
    Новые комментарии
    Для того чтобы оставить комментарий, войдите или зарегистрируйтесь
    Следующая публикация
    Свернуть поиск
    Сервисы VK
    MailПочтаОблакоКалендарьЗаметкиVK ЗвонкиVK ПочтаТВ программаПогодаГороскопыСпортОтветыVK РекламаЛедиВКонтакте Ещё
    Войти
    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЭЛДИК ТАЙПА.

    ЛентаТемы 3 062Фото 2 939Видео 5Участники 4 953
    • Подарки
    Левая колонка
    Всё 3 062
    Обсуждаемые

    Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного

    Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.

    Зарегистрироваться