⠀
📍Сулуулук назарды, мээр-акыбет калбтарды өзүнө тартат.
⠀
📍Ар кимдин өз көз карашы бар. Сен аны башкаларда сендей ойлоосуна урунуп ташбишке түшпө. Маселен, энеңди сенден башка киши жөнөкөй инсан катары кабыл алат. Сен болсо аны бейишим деп билесиң.
⠀
📍Рабиь ибн Хайсамдан шакирттери:
“Сиздин эч бир кишини айыптаганыңызды көрбөйбүз. Эмнеге мындай ?”-деп сурашты. Ошондо ал: “Мен башкаларды мындай кой, өзүмдөн ыраазы эмесмин. Башкаларды айыптаганга убактым жок”-деп жооп берди.
⠀
📍 Адамдарга жагуу үчүн сенин бутуңду кысып жаткан ботинкени кийүү акмактыктын чокусу.
⠀
📍Сөзүңдү оозундан чыгарардан мурда даамын татып көр.
⠀
📍Бардык адамдар ката кылат. Бирок, катасынан сабак алгандар өтө аз. Катасынан сабак алгандар гана чыныгы даанышмандар.
⠀
📍Аял киши күйөөсүнүн кембагалдыгына, оорусуна, убактысынын аздыгына сабр кылуусу мүмкүн. Бирок, күйөөсүнүн кулк-мүнөзү жамандыгына чыдай албайт
⠀
📍Ичинен ыйлап, тышында жылмаят. Аллага толук ишенген инсандар мына ошондой болот.
⠀
📍Мөмөнү үзгөнгө шашылба! Сабыр кыл! Жакшы нерсе эккен болсоң, кийинчерээк болсо да мөмөсүн берет.
⠀
📍Ар дайым көз жашыңды арчуунун ордуна, көз жашыңды кайра-кайра агызууга себеп болгон нерсени жашооңдон өчүрүп ташта.
⠀
👤Даярдаган: Нуркамил Абдуллаев.
⠀
🔎 http://formula.kg/%f0%9f%91%b3%f0%9f%8f%bb%e2%80%8d%e2%99%80daanyshmandyk-kazynasynan-2/ ⠀
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy ✿ Fb.com/Formulasy ✿ Vk.com/Formulasy ✿ Youtube.com/Formulasy ✿ Instagram.com/Formulasy ✿ WWW.FORMULA.KG https://www.instagram.com/p/B4oZZTZhj0T/?igshid=1m9bzs2hcdd8o


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев