⠀
✍🏻Темирдин даты, ал жерге сүрүлгөндө кандай тазаланса, Аллахтын ысымдарын кайталоо да биздин жүрөгүбүздү бардык жамандыктардан дал ошондой тазалайт."
⠀
💫 Кутту хадистерден:
⠀
Абу Хурайра(андан Аллах ыраазы болсун) айтуусунда Аллахтын Элчиси(саллаллооху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт: "Аллахтын 99 ысымы(б.а ысым-сыпаты)бар, бирөө кем жүз. Кимде - ким аны жатка жаттап алган болсо, ал Бейишке кирет.
⠀
📍38. Йа- Кабииру
(Куран. 13:9,22:62,31:30,34:23. 40:12)
Улук, Бийик, Андан башка эч бир улуу нерсе жок. Анын эч бир тендеши жок.
⠀
Кимди жумушунан кууп салган болсо, ал 7 күн орозо кармасын жана орозонун ар бир күнүндө Аллахтын бул кереметтүү ысымын 1000 жолудан кайталасын. Ошондо ин шаа Аллах, бул адамды ардак менен кайра жумушуна коюшат. Ал эми урмат - сый үчүн күн сайын 100 жолудан окуу кажет.
⠀
☝🏻Аллоху Акбар:
⠀
📍39. Йа- Хафиизу
(Куран. 11:57,34:21,42:6)
Макулуктардын баарын сактоочу.
Анын колдоосу түгөнгүс да, түбөлүк дагы.
⠀
Ким Аллахтын бул кереметтүү ысымын ар дайым жана күн сайын кайталап жүрсө, Аллах Таала аны жоготуулардан, жамандыктардан жана коркунучтардан сактайт.
Кедейликтен алыс болгусу келген киши Аллахтын бул ысымын күн сайын 16 жолудан кайталап жүргөнү дурус.
⠀
☝🏻Аллоху Акбар:
⠀
📍40.Йа- Мукииту
(Куран.4:85.)
Жардам берүүчү, жашоого зарыл болгон бардык нерселерди Бөлүштүрүүчү алардын санын Аныктоочу жана Өз макулуктарына жеткирүүчү
Аллахтын бул кереметтүү ысымын 7жолу кайталап туруп, сууга дем салып ичсе, анын баардык каалоолору аткарылат. Аллахтын бул кереметтүү ысымын көп жолу кайталап, сууга дем салып, андан кийин ошол сууну тили заар -тентек балага ичирсе, ал жакшы жакка өзгөрөт, ин шаа Аллах.
⠀
📗"Аллахтын 99 сыпаттары " китебинен алынды.
⠀
👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy ✿ Fb.com/Formulasy ✿ T.me/formulakg ✿ Youtube.com/Formulasy ✿ Instagram.com/Formulasy ✿ WWW.FORMULA.KG https://www.instagram.com/p/B42TqUABfwQ/?igshid=1c7s9816e5dur


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев