Каардуу хандын итканасы жана анда 10 ити болгон экен. Иттерди дайыма ачкараак кармачу. Колунда кызмат кылгандардын кимиси хандын ачуусуна тийген болсо, аны ошол иттерине талатып жазалачу. Итке таланган кишилер жан берген учурлар да болгон.
Күндөрдүн биринде хандын денесин укалап берчү малайы хандын көзүнчө катуу чүчкүрүп салат. Ага ачуучу келген хан өз желдеттерине малайды иттерге талатууга буйрук берет. Буйрукту уккан малай ханга жалынып, "Мен сага 10 жыл ак кызмат кылдым эле, суранам, мага 10 күн өмүр бер, ошодон кийин гана мени иттерге салып бер" дейт. Хан макул болот.
Малай дароо итканага жөнөйт да, итбагарга жолугуп, 10 күн бою иттерди багууга катыштырууну өтүнөт. Итбагар макул болот. Малай 10 күн бою иттерге тамак берет, алар менен ойнойт, жуунтат, терисин тарайт, кулагын кашыйт, жонун укалайт.
Жазалоо күнү келгенде хан желдеттерге өкүмдү аткарууга буйрук берип, иттерди малай талаганын өз көзү менен көргөнү барат. Итканага колу-буту байланган малайды таштаганда, иттер аны тиштемек тургай, колу-бутун жалап киришет.
Хан эч нерсени түшүнбөй, аң-таң калат. Бул иттер эч кимди аячу эмес экен буга чейин. Жаза ишке ашпай калганын көрүп, малайды бошоттуруп, "Эмне үчүн сага иттер тийген жок? Аларды кантип сыйкырлап алдың?" деп сурайт. Анда малай: "Ханым, мен бул иттерге 10 күн бою кызмат кылдым, сизди укалагандай эле булардын денесин укаладым, ошондуктан булар мен жасаган жакшылыкты унуткан жок. Ал эми сиз менин 10 жылдык кызматымды бир чүчкүрүк менен унутуп койдуңуз. Иттериңиз сизден адамгерчиликтүүраак экен" деп жооп берген экен.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5